15.09.20

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Маминдин жетекчилиги астында, “Өлкөнү 2020-2025-жылдарга карата индустриялаштыруу жана инновациялык өнүктүрүү” программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун аткарылышы тууралуу жыйын болуп өттү.

Пандемиянын таасиринен улам, дүйнөлүк экономиканын төмөндөөсүнө карабастан, өлкө ичинде акыркы 8 айдын ичинде кайра иштетүү тармагында 3,3% пайызга өсүш болгон. 2020-жылы өлкөнү  индустриялаштыруу картасынын алкагында 996 миллиард тенгеге бааланган 206 долбоордун ишке ашырылуусу пландалган. Бул долбоорлордун ишке ашырылышы менен өндүрүштү дагы 1,3 триллион тенгеге, экспортту болсо 325 миллиард тенгеге жана 19 миң жаңы жумушчу ордун түзүү  мүмкүндүгү пайда болот.

Өкмөт башчысы Аскар Мамин бул долбоорлорду ишке ашырууда жакшы мисал катары, Алматы шаарындагы «Hyundai», Костанай шаарында орун алган «Chevrolet» жеңил унааларды өндүрүүчү жана Караганды облусундагы техникалык газ өндүрүүчү заводорунун ишке берилишин белгилеп өттү.

Өкмөт башчысы Аскар Мамин жыйындын жүрүшүндө, Казакстандын Индустрия жана инновациялык өнүктүрүү министрлигине мындан ары дагы, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте белгиленген долбоорлорду ишке ашырып гана тим болбостон, кошумча дагы жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Мындан тышкары өкмөт башчысы, чакан шаарларды индустриялаштыруу долбоорлоруна көңүл буруу керек экендигин белгиледи. Ага мисал катары, Караганды облусуна караштуу Саран шаарчасында «Youtong» маркасындагы  автобус өндүрүүчү ири заводдун курулуш иштеринин  башталышын айтып өттү. Жогорудагы завод иштеп баштаса 1500 жаңы жумушчу оруну пайда болот. Ошондой эле 1500 даана автобус жылына өндүрүлмөкчү. Мындан тышкары, ушул эле шаарчада жылына 3,5 миллион даана  авто унаалардын дөңгөлөктөрүн чыгаруучу  заводдун долбоору даярдалууда. Жалпысынан Саран шаарына тартылган инвестициянын көлөмү 150 миллиард тенге каражатын түзгөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/v-2020-godu-v-ramkah-karti-industrializatsii-rk-budut-vvedeni-v-ekspluatatsiu-206-proektov