17.09.20

Өзбекстандын жана Казакстандын авиакомпанияларынын өкүлдөрү, Үргөнч (Өзбекстан) жана Актау (Казакстан) шаарларынын ортосунда регулярдуу аба каттамдарын  ачуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу «Дунё» маалымат агенттиги билдирди.

Көрүшмө үчүн уюштурулган видеоконференцияга авиакомпаниялардын өкүлдөрүнөн тышкары, Хорезм облусунун (Өзбекстан) жана Мангистау облусунун (Казакстан) администрация өкүлдөрү дагы катышкан. Өзбекстандын Казакстандагы  генералдык консулу Нодиржон Тургунов: “Бүгүнкү жолугушуу, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы мамилелерин дагы жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимдемин. Ал эми, Үргөнч жана Актау шаарларынын ортосунда регулярдуу аба каттамдарынын  ачылышы, Өзбекстан жана Казакстандын ортосундагы туризм тармагын өнүктүрүүгө түрткү болмокчу”- деп билдирди.

Өз кезегинде, Мангистау облусунун индустриальдык-инновациялык өнүктүрүү башкармалыгынын мүдүрү Нурбек Айтжан, көрүшмөнүн катышуучуларына акыркы убактардагы Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы болуп жаткан кызматташтык жөнүндө маалымат берип өттү. Мындан тышкары, Хорезм облусу менен жетишилген эки тараптуу кызматташтык тууралуу билдирип, эки шаардын ортосундагы ачыла турган аба каттамын толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

Актау шаарынын аэропортунун мүдүрү Селчук Киледжи жана анын орун басары Меруерт Жолдыбаева эки өлкөнүн туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүнө арналган презентациялык докладын окуп беришти.

https://www.inform.kz/ru/kazahstan-i-uzbekistan-obsudili-otkrytie-aviareysov-mezhdu-aktau-i-urgenchem_a3695743