23.09.20

Казакстандын жана Кытайдын темир жол тармагынын жетекчилери  20-сентябрь күнү, видеоконференция форматында жолугушуу өткөрүштү. Казакстан тараптан “НК ҚТЖ”  акционердик коомунун жетекчиси Сауат Мынбаев жана “Кытай темир жолдору” бирикмесинин директорлор кеңешинин башчысы Лу Дунфу мырза катышкан. Бул тууралуу, “zakon.kz.” маалымат порталы билдирди.

Жолугушуу учурунда, эки өлкө ортосундагы  товар ташууда позитивдүү динамика байкалгандыгы белгиленди.

Лу Дунфу мырза, 2020-жылдын 8 айында, Казакстандын жана Кытайдын чек ара терминалдары аркылуу өткөн товардын көлөмү 14,2 миллион тоннаны түзгөн. Бул көрсөткүч, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30% пайызга көп экендигин билдирди.

Тараптар 2020-жылдын аягына чейин, эки өлкөнүн чек ара терминалдары аркылуу өтө турган товардын көлөмү 21 миллион тоннага жетери күтүлүп  жаткандыгын белгилешти.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө тараптар,  Достык-Алашанькоу жана  Алтынколь-Хоргос бажы өткөрүү пуктарын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурула тургандыгына токтолушту.

Мындан тышкары, өткөрмө пунктардын инфраструктурасын жакшыртуу иштеринин жүрүп жатышы, контейнердик поезддердин (товар ташыган поездер) ылдамдыгынын жогорулашына жакшы таасирин берүүдө. 2025-жылы  Казакстандын аймагы аркылуу өткөн поезддердин ылдамдыгы суткасына 1300 – 1400 километрге жетүүсү күтүлүүдө.

Ошондой эле тараптар, пандемияга байланыштуу эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүдө, контейнердик товар ташымачылыка өзгөчө көңүл буруу керек экендигин билдиришти.

Жалпысынан жолугушуу учурунда, тараптар буга чейин эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн, келишимдерди толугу менен ишке ашырууга жана транспорт жана логистика тармагында кызматташууну күчөтүүнү макулдашышты.

http://kabar.kg/news/glavy-zh.d-kazakhstana-i-kitaia-otmechaiut-pozitivnuiu-dinamiku/