28.09.20

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жана Татарстан Автономиялуу Республикасынын президенти Рустам Минниханов 27-сентябрь күнү жолугушту. Көрүшмө Казакстандын Костанай облусунда курулушу башталып жаткан «КАМАЗ» маркасындагы оор жүк ташыган унаалардын тетиктерин чыгарган заводун ачылыш аземине катышуу учурунда болуп өттү.

Жогорудагы заводдун жер пайына капсула салуу аземине Россия Федерациясынын  өкмөтүнөн, «КАМАЗ» оор жүк ташуучу унаа чыгарган  заводунун  жана   «Агромаш Холдинг KZ» акционердик коомунун өкүлдөрү дагы катышышты.

Курулушу башталган завод келечекте 126 миң ар түрдүү автомобиль тетиктерин өндүрмөкчү. Завод толук иштеп баштаган соң 1.200 туруктуу жаңы жумушчу орунун түзмөкчү. Мындан тышкары, «КАМАЗ» (завод Россия Федерациясынын Татарстан Автономиялуу Республикасында жайгашкан) оор жүк ташуучу унаасынын тетиктеринин Казакстанда өндүрүлүп башташы аны оор жүк ташыган унаалардын тетиктерин чыгарган ири өндүрүүчүгө айлантмакчы.

Келечекте завод өндүргөн товарынын 95% пайызын экспортко чыгарууну пландап жатат.

Өткөрүлгөн иш чаранын алкагында, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жана Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышуусу менен  Караганды облусунда (Казакстан) автоунаалардын дөңгөлөктөрүн чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвестициялык документке кол коюшту. Завод жылына 3,5 миллион даана ар түрдүү маркадагы дөңгөлөк чыгарууга жөндөмдүү болот жана 1.000 адам жумуш менен камсыз болмокчу.

https://centralasia.news/7628-kazahstan-vnedritsja-v-globalnuju-tehnologicheskuju-sistemu-sng-pao-kamaz.html