06.10.20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  5-октябрь күнү, өлкөнүн айыл чарба кызматкерлерине куттуктоосун жиберген.

Казакстандын айыл чарба адистери, 2020-жылы 20 миллион тоннадан ашык дан өсүмдүктөрүн жыйнашкан. Алар муну менен Казакстандын дүйнөдө буудай өндүрүү боюнча держава экендигин далилдешти деп айтылат куттуктоодо. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Президент айыл чарба тармагында эмгектенген дыйкандарга жөнөткөн куттуктоо катында, пандемиядан улам 2020-жыл оор болгондугун белгилеген. Мындан тышкары, аба ырайы дагы оор болуп, кээ бир облустардын аймактарында кургакчылык болгондугуна карабастан, жогорку түшүм алынгандыгын билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: “Өлкөнүн баардык аймактарындагы кампаларга азыркы учурда 20 миллион тонна буудай келип түштү. Мындай мол түшүм бизге өлкөнү нан менен толук камсыз кылууга жана тышка болгон экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк бермекчи”- деп белгилеген.

Эскерте кетсек, өлкө боюнча жыйналган буудай жогорку сапатка жана баардык талап кылынган стандарттарга жооп берет.

https://centralasia.news/7694-agrarii-kazahstana-sobrali-20-millionov-tonn-vysokokachestvennogo-zerna.html