07.10.20

Казакстан өзүнүн деңиз порттору аркылуу жылына 10 миң даана Өзбекстандын товар салынган контейнерлерин ташып берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу,  Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин  вице-министри  Берик Камалиев парламенттин (Мажилис) депутаттарына  маалымат берүү учурунда билдирип өттү.

Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин вице-министри  Берик Камалиев: “Кытайдын  товарларын башка өлкөлөргө ташып жеткирүү кызматын аткаруу үчүн биздин өкмөт,  Каспий эл аралык транспорттук маршрутун пайдаланышыбыз керек.  Азыркы учурда, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биздин максатыбыз, Өзбекстан өзүнүн сатыкка чыгарган товарларынын ташып өтүүдө, биздин деңиз портторубуздун кызматын пайдалануусу тууралуу болуп жатат. Анын көлөмү бир жылда 10 миң даана контейнерге жете тургандыгы мерчемделүүдө”- деп билдирди.

Берик Камалиевдин айтымында, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Актау жана  Курык деңиз портторун жана «Казахмыс», «Казцинк», «Алюминий Казахстана» компанияларын контейнер ташуу үчүн ыңгайлаштыруу иштери жүрүп жатат.

2025-жылга карата товар ташууну жылына 130-140 миң даана контейнерге жеткирүү  аракеттери көрүлүп жаткандыгын дагы айтып өттү.

Эскерте кетсек, азыркы учурда жылына 40 миң даана контейнер Казакстандын деңиз порттору аркылуу ташылып турат.

https://kaztag.kz/ru/news/okolo-10-tys-uzbekskikh-konteynerov-v-god-planiruet-propuskat-rk-cherez-morporty-miir