12.10.20

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Бириккен Араб Эмираттарына  (БАЭ) болгон жумушчу иш сапарынын алкагында, аталган өлкөнүн өкмөт башчысынын орун басары шейх Мансур бен Заид Аль Нахаян мырза менен жолугушту. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тараптар соода-экономикалык, финансы-инвестиция, транспорттук логистика, айыл чарба өндүрүшү, нефть-химия, космос, тоо-кен тармагы, энергетика жана башка тармактары боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында, Казакстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда баасы 6,1 миллиард долларга бааланган 21 даана долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү документтерге кол коюшту.

Жогорудагы долбоорлор ишке ашырылса, Казакстанда жаңы жумушчу орундарынын пайда болушуна жана алдынкы технологияларды иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп бермекчи.

Казакстандын жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) өзгөчө айыл чарба продуктуларын өндүрүү тармагына көңүл бурушмакчы. Ошол себептен, жалпы пландалган 21 долбоордун 10 даанасы айыл чарба тармагына тиешелүү болуп эсептелет.

Казакстан айыл чарба өндүрүшүнө тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) 2051-жылга чейин пландаган азык-түлүк коопсуздугу программасынын ишке ашырууда маанилүү орунду ээлеп калмакчы. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун өсүшүнө шарт түзүп бермекчи.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/investproekti-na-61-mlrd-dollarov-soglasovali-rk-i-oae