14.10.20

Түркиянын Космонавтика агентствосунун өкүлдөрү жумушчу иш сапары менен Казакстанда болуп кайтышты. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушуу учурунда, Казакстандын Цифровизациялык өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өндүрүш  министри  Багдат Мусин жана Түркиянын Космикалык агентствосунун президенти Сердар Йылдырымдын ортосунда, эки өлкөнүн космонавтика тармагын өнүктүрүү жана кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

Түркиядан келген делегация, Нур-Султан шаарында жайгашкан Улуттук космонавтика борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Андан соң, эки тараптын көрүшмөлөрү Байконыр шаарында улантылды. Түркиядан келген коноктор, Байконыр космодромунун объектилери менен таанышып жана  "Союз-2.1а" ракетасынын космоско учуруу аземине күбө болушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Түркиянын  Космонавтика агентствосунун жана  Казакстандын Цифровизациялык өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өндүрүш министрлигинин жетекчилеринин ортосунда, эки тараптуу космонавтика тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Көрүшмөнүн соңунда, Түркиянын Космикалык агентствосунун президенти Сердар Йылдырым мырза: “Бул документ эки өлкөнүн космонавтика ведомстволорунун жана ушул тармакта иш алып барышкан ишканалардын ортосунда практикалык кызматташууга жол ачат” – деп белгилеп өттү.

https://www.kazpravda.kz/news/politika/kazahstan-i-turtsiya-dogovorilis-o-sotrudnichestve-v-kosmicheskoi-sfere