17.10.20

Түркия Казакстандын Түркстан облусуна ветеринардык дары-дармек өндүрүүчү завод куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул тууралуу, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын  Айыл чарба министри Сапархан Омаров, Түркия мамлекетине жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында, Түркиянын Адыяман шаарында жайгашкан, ветеринардык дары-дармек өндүргөн “Vеtal Animal Health Products LTD” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышкан болучу.

Иш сапарынын жыйынтыгында, Казакстандын Түркиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Абзал Сапарбекулы жана Түркиянын Адыяман облусунун губернатору Махмут Чухадар мырзанын катышуусунда, Казакстандык  “Vetal Kazakhstan” жана “Vetal Animal Health Products LTD” заводунун ортосунда  инвестициялык келишимге кол коюшкан.

Келишимдин негизинде, Казакстандын Түркстан облусунда  2021-жылы “Vetal Animal Health Products LTD” заводуна окшош, ветеринардык дары-дармек өндүргөн завод курулмакчы.

Долбоорго ылайык, Түркстан облусуна салына турган заводдун курулушуна, жалпысынан $60 миллион доллар акча каражаты коротулмакчы.  Заводдун курулушу  аягына чыккан соң, жаңы 300 жумшчу оруну түзүлүүсү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Түркияга тиешелүү болгон “Vetal Animal Health Products LTD” заводу, 1991-жылы негизделген. Азыркы учурда, завод вакциналардын бир нече түрүн (45 түрдөгү) чыгарат. Баардык чыгарылган вакциналар, Англиянын белгилүү “Pilbright”, “World Reference İnstitute” жана “Panvac Reference Institute” лабораторияларынын сертификаттарынын ээси болуп эсептелет.

Түркиянын заманбап “Vetal Animal Health Products LTD” заводу, 28 миң квадрат метр аянтты ээлеп турат. Ошондой эле ветеринардык вакцинадан тышкары мал жандыктары үчүн ар түрдүү дары-дармектерди дагы чыгарат.

Завод чыгарган продукция Түркия, Иран, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Ирак, Пакистан, Азербайжан, Украина, Грузия, Франция жана башка өлкөлөрдө кеңири колдонулат.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/kazahstan-i-turtsiya-dogovorilis-o-proizvodstve-vetpreparatov-i-vaktsin-v-turkestanskoi-oblasti