13.10.20

Казакстан 2020-жылдын алгачкы 9 айында (январь-сентябрь) 64,7 миллион тонна нефти өндүргөн. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министри Нурлан Ногаев өкмөттүн кезектеги жыйыны учурунда билдирди.

Казакстандын Энергетика министри Нурлан Ногаев: “2020-жылдын башында нефти өндүрүү боюнча белгиленген план 100,5% пайызга аткарылды. Алгачкы 9 айдын ичинде, “Тенгиз” нефти куурунан 20,2 миллион тонна, “Кашаган” нефти куурунан 11,5 миллион тонна нефти өндүрүлгөн жана план 100% пайызга аткарылган. Ал эми, “Карачаганак” нефти куурунан 9 миллион тонна, өндүрүлүп көрсөткүч 102,2% пайыз аткарылган”- деп билдирди.

Нурлан Ногаевдин айтымында, Казакстан 2020-жылдын алгачкы 9 айында (январь- сентябрь) 52,2 миллион тонна нефтини экспортко чыгарган. Ошондой эле 11,5 миллион тонна нефти кайра иштетилген.

Ал эми, өлкөдө 2020-жылдын 9 айынын (январь- сентябрь) ичинде 41,6 миллиард кубометр  газ өндүрүлгөн.

https://www.aa.com.tr/ru/экономика/казахстан-за-9-месяцев-добыл-64-7-млн-тонн-нефти-/2004538