23.10.20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев,  Кызылордо облусунун акими Гульшара Абдыкаликова менен жолугушту. Бул тууралуу, Kazpravda.kz маалымат агенттиги билдирди.

Президент Касым-Жомарт Токаев,  Кызылордо облусунун акыркы 9 айдагы  социалдык-экономикалык өнүгүшүнө байланышкан отчетту менен таанышты.

Гульшара Абдыкаликова өлкө башчысына,   Кызылордо облусунун 2023-жылга чейинки экономикалык пландары тууралуу маалымат берди. Планга ылайык, 271 миллиард теңгеге (630 миллион доллар) бааланган 265 даана долбоорлордун ишке ашырылуусу жана 4,610 туруктуу жумуш ордунун түзүлүүсү мерчемделип жаткандыгын билдирди.

Кызылордо облусунун акими Гульшара Абдыкаликованын айтымында, 2020-жылдын башынан бери, 26 миллиард теңгеге бааланган 2 миң адамды туруктуу иш оруну менен камсыз кылган  110 даана долбоор ишке ашырылып баштаган.

Мындан тышкары, Кызылордо облусунун акими мамлекет башчысына, ушул тапта ишке ашырылып жаткан “Жол картасы” (38 миллиард теңге бааланган) тууралуу маалымат берди. “Жол картасы” алкагында, инфраструктураны жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылууда жана 9 миң адам жумуш менен камсыз болушкан.

Президент Касым-Жомарт Токаев жолугушуунун аягында, Кызылордо облусунун акимине бир нече көрсөтмөлөрдү берип өттү. Аларга, кайра иштетүүчү ишканалардын санын өстүрүү, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жана аймактагы  эпидемиологиялык абалга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

https://www.kazpravda.kz/news/prezident2/tokaevu-dolozhili-o-proektah-razvitiya-na-271-mlrd-tenge-v-kizilordinskoi-oblasti