23.11.20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жумушчу иш сапарынын алкагында, Караганды облусуна барды. Президент облустун аймагында жайгашкан,  “Сарыарка” эркин экономикалык аймагынын (СЭЗ) абалы менен таанышты.

Караганды облусунун акими Женис Касымбек өлкө башчысына, “Сарыарка” эркин экономикалык аймагында  (СЭЗ) ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда, туруктуу жаңы жумуш орундарын түзүү, облустун аймагына сырттан жана өлкө ичинен инвестиция тартуу жана Казакстан жана Германия биргелешип курган ишкананын иштери тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, “Линде Газ Казахстан” (техникалык  газ өндүрөт), “КазСолар-50” (күндөн электр энергиясын алган батарея өндүрөт), “Изоплюс” (жылытуу тармагында колдонулган трубаларды өндүрөт), “Бёмер Арматура” (жүк көтөрүүчү кран өндүрөт) сыяктуу ишканалардын жетекчилери, өлкө башчысына жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Алардын билдиришинче, пандемия шартына карабастан өздөрү жетектеген ишканалары товар өндүрүүнү кеңейтүү жана кайрымдуулук ишмердүүлүктөрүн көбөйтүүгө байланышкан пландарын айтып беришти.

Президент Касым-Жомарт Токаев “КазСолар-50” (күндөн электр энергиясын алган батарея өндүрөт), ишканасынын жетекчиси менен баарлашуу учурунда, күндөн энергия алууга байланышкан долбоордун өтө маанилүү экендигин билдирип өттү.

Ошондой эле мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Канада өлкөсүнүн заманбап акыркы үлгүдөгү технологиясы менен иш алып барып жаткан “Steel Manufacturing” (жезден буюм жасайт) ишканасынын иштери менен жеринде кеңири таанышып чыкты.

https://ratel.kz/kaz/prezident_posetil_spetsialnuju_ekonomicheskuju_zonu_saryarka