02.12.20

Казакстанда таштандыны (мусорду) күйгүзүп андан электр энергиясын алган завод, өлкөнүн алты шаарында курулмакчы. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйыны учурунда, Казакстандын Экология, геология жана табигый ресурстар министри  Магзум Мирзагалиев билдирди.

Магзум Мирзагалиев: “Таштандыга байланышкан маселелерди чечүү максатында атайы кабыл алынган мыйзамдын негизинде, “waste to energy” технологиясын колдонуу чечими кабыл алынды. Бул технологиянын жардамы менен таштанды күйгүзүлүп, андан электр энергиясы алынмакчы жана калктын колдонуусуна жумшалмакчы. Жакында эле мамлекет башчысы бул тууралуу жарлыкка кол койду”-деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, жогорудагы пилоттук долбоор, өндүрүштөн чыккан калдык таштандыларды иштетүүгө багытталган.

Биринчи этабында, өлкөнүн Актөбе, Алматы, Атырау, Нур-Султан, Тараз жана Чымкент шаарларында ишке ашырылмакчы.

Азыркы учурда, жергиликтүү акимчиликтер менен заводдун курулушуна керек болгон, жер участокторун бөлүп берүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө. Эгерде бул долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып кетсе, өлкөнүн башка аймактарында дагы ушундай таштанды иштетип электр энергиясын алган заводдор курулмакчы.

Эскерте кетсек, Казакстан “waste to energy” технологиясын колдонуу менен 2025-жылга чейин таштанды иштетүүнүн көлөмүн 30% пайызга чейин жеткирүүнү мерчемдеп жаткан учуру.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/pererabativat-musor-v-elektroenergiu-nachnut-v-shesti-gorodah-kazahstana