03.12.20

Казакстан 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү нефти өндүргөн өлкөлөрдүн ичинен, нефтинин запасы боюнча (30 миллиард баррел) рейтингде 11 орунду ээледи. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги “Energyprom.kz.” интернет порталынын тараткан билдирүүсүнө таянып жазып чыктты.

Тизменин сап башында, Венесуэла өлкөсү (302,8 миллиард баррел) Сауд Аравиясы жана Канада мамлекеттери жайгашкан.

Казакстанда 2020-жылдын январь-октябрь айларында 61,2 миллион тонна чийки нефти өндүрүлгөн. Башкача айтканда, 6,5 триллион теңге акча каражатына барабар болуп эсептелет.

Казакстандын нефти өндүрүүдөгү негизги аймактары болуп Атырар (64,3% пайыз) жана Мангистау (22,8% пайыз) облустары болуп саналат.

2020-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында, Казакстан 55 миллион тонна нефтини (18,7 миллиард доллар) экспортко чыгарган.

Жалпы экспорттун 439,4 миң тоннасы (120,3 миллион доллар) мурдагы союздук өлкөлөрдүн курамында болгон, көз карандысыз коңшу мамлекеттерге сатылган. Алардын ичинен, негизги сатып алуучу катары Өзбекстан болуп эсептелет.

Калган 54,6 миллион тонна  нефти (18,6 миллиард долларга бааланган) продуктусу Италия, Нидерландия жана  Индия сыяктуу негизги өнөктөш өлкөлөргө экспорттолгон.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/kazahstan-zanyal-11-e-mesto-v-reitinge-stran-po-zapasam-nefti