04.12.20

Казакстанда коронавирус илдетине каршы калкты жапырт эмдөө, 2021-жылдын башында башталганы турат. Бул тууралуу, өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен премьер-министр Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Өкмөт башчысы Аскар Мамин, өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевге, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен болгон келишимдин негизинде, 2020-жылдын 22-декабрь күнүнөн тарта Казакстанда Россиялык “СпутникV” аттуу короновирус илдетине каршы вакцина өндүрүлүп баштай тургандыгын маалымдады.

Аскар Мамин президентке 2021-жылдын башынан тарта, калкты массалык түрдө (өз каалоолору менен) коронавирус илдетине каршы эмдөө баштала тургандыгын билдирди. Эң алгач, оорунун жугуу коркунучу жогору болгон адамдар (кант диабети, жүрөк жана башка өнөкөт ооруган адамдар), медицина кызматкерлери, педагогдор, укук коргоо кызматынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүшмөкчү.

https://www.kazpravda.kz/news/obshchestvo/massovaya-vaktsinatsiya-ot-koronavirusa-nachnetsya-v-kazahstane