CA-NEWS (KZ) – Өзөктүк куралдардын жасалбашы январь айында Коопсуздук кеңеши талкууга ала турган эң маанилүү көйгөй болоору маалымдалды. Бул тууралуу, Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб квартирасында, январда өткөн пресс конференцияда БУУдагы Казакстандын туруктуу өкүлү, Коопсуздук кенешинин төрагасы Кайрат Умаров, уюмдун маалымат борборуна билдирди.

Элчи, кийинки ай үчүн Коопсуздук кеңешинин иши жөнүндө, ошондой эле 18-январда Кеңеш ичинде массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо тематикасында жогорку жыйын өткөрүлөөрүн белгиледи. Анда бир нече өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана министрлер катышмакчы. Иш-чарада, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөйт.

“Эмне үчүн биз ушул маселени көтөрдүк? Бүгүнкү күндө, ар өлкөлөрдүн саясий лидерлери жана мамлекеттер бири-бирине ишенимин түптөөгө көбүрөөк көңүл буруусу керек”- деп билдирди элчи Кайрат Умаров. “Ансыз маселелер чечилбейт деп эсептейбиз. Атап айтканда азыр дүйнөдө ушул жетишпей турат деп ойлойм”.

Умаров билдиргендей, 19-январдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Казакстандын Тышкы иштер министри Кайрат Абдурахманов, Ооганстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы аймактык кызматташтыкты күчөтүү боюнча министирликтердин деңгээлиндеги дебатта төрагалык кылат. Жолугушууда БУУнун баш катчысы, Антонио Гутеррес сүйлөйт. Баш катчы үстүбүздөгү жылдын, жай айларында Борбор Азияга иш сапары менен келген.

Казакстандын элчисинин айтымында, январь айындагы, Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде үчүнчү маанилүү тема, жакынкы чыгыш болот, анын ичинде - Палестина маселелери да бар. Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү Сириядагы кырдаалды талкуулайт. 2017-жылы, декабрда Астана шаарында Сирия боюнча кезектеги отуруму тууралуу да эскерте кетти. БУУда ал иш-чараны "жемиштүү" деп атаган.

Казакстандын Коопсуздук кеңешинин биринчи мүчөсү, жана биринчи жолу төрагалык кылды. Ошондой эле Казакстан Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчө болуп шайланган биринчи өлкө.