14.12.20

Алматы шаарында 2020-жылдын 12-декабрь күнү, Казакстандын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өкмөт тарабынан салтанаттуу түрдө “Ми-8АМТ” маркасындагы тик учактардын (вертолет) биринчи партиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Тик учактар Казакстандын “Авиаремонтный завод № 405” ишканасында өндүрүлүп чыгарылган.

Казакстанда тик учактарды өндүрүүнүн долбоору, тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин 2015-жылы Россияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгынын негизинде берген тапшырмасынын алкагында ишке ашырылган.

Тик учактарды тапшыруу аземине, “Вертолеты России” ишканасынын жана Казакстандын өкмөтүнүн өкүлдөрү катышышты.

Эскерте кетсек, “Ми-8АМТ” маркасындагы тик учак, дүйнөдө кеңири колдонулган эки моторлуу учак болуп саналат. Ал элүүдөн ашык өлкөлөрдө ар кандай жарандык жана аскердик милдеттерди аткаруу үчүн кеңири колдонулат.

https://www.trend.az/casia/kazakhstan/3349572.html