14.12.20

 Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 12-декабрь күнү, Нур-Султан шаарында “ModeX” жаңы инновациялык автоматташтырылган ишкананын пайдаланууга берилишине катышты. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы ишкана турак-жай куруу үчүн модулдук блокторду (кирпич) чыгарат.

Ишкана курулуш материалдарын чыгарган акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган.

Блоктордун кыска убакытта жана көп өлчөмдө өндүрүлүшү турак жай курулушунун убактысын мүмкүн болушунча кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, өндүрүлгөн кирпичтер жогорку сапатта жана арзан баада болмокчу. Мындай технологиялар Америка, Германия жана Сингапур өлкөлөрүндө кеңири колдонулат.

Ишкана жылына 200 миң чарчы метр аянт турак жайын курууга мүмкүндүк берет. “ModeX” ишканасы акыркы үч жылдын ичинде дагы өндүрүштү кеңейтүүнү пландап жатышат.

Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы өндүрүш курулуш тармагын өнүктүрүүгө тездик менен түрткү берет жана өлкөнүн турак жай фондун көбөйтмөкчү.

https://centralasia.news/8135-v-nur-sultane-zapuscheno-novoe-domostroitelnoe-predprijatie.html