23.12.20

Казакстандын премьер-министр Аскар Мамин Акмола облусуна караштуу Буланды районундагы Макинск шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, “Макинск канаттуулар фабрикасынын” экинчи этабынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу, Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Канаттуулар фабрикасы кеңейтилгенден кийин, Борбордук Азиядагы эң ири тоок этин өндүрүүчү ишканага айланды.

Мындан ары фабрика саатына 9 миңге чейин тоокту кайра иштетүү (союп сатыкка чыгарууга даярдоо) мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошол себептен, канаттуулардын этин өндүрүү жылына 25 миң тоннадан 60 миң тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк бермекчи. Бул Казакстандын ички рыногунун керектөөлөрүнүн 22% пайызга чейин камсыз кылууга жана  тоок этинин импортунун үлүшүн 42% пайыздан 33% пайызга чейин азайтууга мүмкүндүк берет.

Фабриканын экинчи этабы ишке киргизилгенден кийин, туруктуу жумуш орундарынын саны 800дөн 1,370 адамга чейин көбөйтүлдү.

“Макинск канаттуулар фабрикасы” Казакстанда канаттуулардын этин өндүрүү жана кайра иштетүү жаатындагы ири инвестициялык долбоору болуп саналат. Фабриканын курулушуна жумшалган  инвестициялардын жалпы көлөмү 48,5 миллиард теңгеден ашкан.

 “Макинск канаттуулар фабрикасы” “Айтас” холдингинин курамына кирет. Холдингдин стратегиясына ылайык, 2030-жылга чейин жылына 350 миң тонна эт азыктарын өндүрүү пландаштырылууда.

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин: “2024-жылга чейин биз ички рынокту ата-мекендик өндүрүштүн негизги азык-түлүктөрү, анын ичинде канаттуулардын эти менен толук камсыз кылышыбыз керек. “Макинск канаттуулар фабрикасынын” өндүрүштүк кубаттуулугун андан ары кеңейтүү Казакстандын азык-түлүк коопсуздугун чыңдайт”, - деп билдирди.

Жакынкы жылдарда, Казакстанда жалпы кубаттуулугу жылына 175 миң тонна продукция чыгаруучу 12 жаңы канаттуулар фабрикасы пайдаланууга берилет. Бул канаттуулардын этин, чет өлкөлөрдөн сатып албай ички рынокту  толугу менен камсыз кылууга жетмекчи.

Ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, Акмола облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 928,6 миллиард теңгени түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6,6% пайызга көптүк кылат. Ал эми, айыл чарбасында дүң продукциянын көлөмү 653,8 миллиард теңгени (12,7% пайыздык өсүш болгон) түзгөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/rasshirenie-makinskoi-ptitsefabriki-ukrepit-prodovolstvennuu-bezopasnost-rk--mamin