07.01.21

Өзбекстан, Казакстан жана Америка мамлекеттеринин өкмөттөрү биргелешип “Борбордук Азия инвестициялык өнөктөштүгү” уюму түзүлгөндүгүн жарыялашты. Бул тууралуу, биргелешкен билдирүү 7-январь күнү таркатылды.

Бул демилгенин алкагында, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги, “Астана” эл аралык каржы борбору жана Американын “Эл аралык өнүктүрүү каржы корпорациясы (DFC)” беш жылдын ичинде кеминде 1 миллиард доллардан кем эмес акча каражатын жаңы түзүлгөн инвестициялык уюмга тартуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгы  айтылат билдирүүдө.

Негизинен “Борбордук Азия инвестициялык өнөктөштүгү” уюму ачык-айкын жана туруктуу инвестицияларды Борбордук Азия чөлкөмүндө жайгашкан өлкөлөргө тартуу иштери жана ар түрдүү долбоолорду ишке ашыруу менен алек болмокчу.

Атайы таратылган билдирүүдө: «“Борбордук Азия инвестициялык өнөктөштүгү” “C5+1” платформасынын алкагында иш алып бармакчы. Бул демилге, Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ортосундагы соода алакаларын жандандыруу, өз ара экономикалык карым-катнашын күчтөндүрүүгө жардам бермекчи.

Мындан тышкары, аймактагы  пандемиядан улам келип чыккан, экономикалык кесепеттерди жоюу үчүн  аракеттер көрүлүп жаткан учурда, мындай кызматташтык маанилүү болуп саналат» - деп айтылат билдирүүдө.

“Борбордук Азия инвестициялык өнөктөштүгү” уюму  аймактагы ар кандай долбоорлорду колдоодон тышкары, Американын “Эл аралык өнүктүрүү каржы корпорациясы (DFC)” Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги жана “Астана” эл аралык каржы борбору менен биргеликте, Борбор Азиядагы мамлекеттердин өз ара экономикалык мамилелерин тереңдетүүнү улантат.

https://www.gazeta.uz/ru/2021/01/07/ca-usa/