19.01.21

Казакстанда 1-февралдан тартып калкты жапырт коронавируска каршы эмдөө иши башталат. Бул тууралуу, 19-январь күнү, өкмөттүн жыйынында өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Алексей Цой кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрлик жыл соңуна чейин 6 миллион кишини эмдөөнү пландоодо.

Алексей Цой: “Биринчи кезекте инфекциялык оорукана, тез жардам кызматы, реанимация, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмүндө иштеген кызматкерлер жана санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер эмделет. Бул болжол менен 100 миң адамды түзөт. Эмдөө 2021-жылы 1-февраль күнү башталат”, - деп билдирди.

Март айында мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, апрель айында мектеп-интернаттардын, бала бакчалардын кызматкерлери, студенттер жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар эмдөөдөн өтөт.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өткөн айдын соңунда, өлкөдө Россиялык “Спутник V” вакцинасын өндүрүү башталганын жарыялаган. Аны менен эмдөө 2021-жылы февраль айында башталаарын билдирген болучу.

Буга чейин, Жамбыл облусунда наркы 7 миллиард теңгеге (16,5 млн долларга) бааланган коронавируска каршы вакцина чыгара турган завод курула баштаганы айтылган. Завод жылына 30-60 миллион доза өлчөмүндө, коронавируска каршы вакцина өндүрмөкчү. Мындан тышкары куш тумоосу, бруцеллез, дерматит сыяктуу илдеттерге каршы вакциналар чыгарылары дагы айтылган.

https://liter.kz/1-fevralya-v-kazahstane-nachnetsya-massovaya/