15.03.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон жумушчу иш сапарынын алкагында, аталган өлкөнүн эмири Мохаммедом ибн Рашидом Аль Мактум жана  бир катар жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана соода-экономикалык, каржы жана инвестиция, транспорт жана логистика, агроөнөр жай, туризм, космос, тоо-кен металлургия, энергетика жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 2,2 миллиард долларга бааланган 17 даана өкмөттөр аралык жана коммерциялык макулдашууларга кол коюлду” - деп айтылат билдирүүдө.

Эки өлкөнүн ортосунда жаңы пландалып жаткан долбоорлордун катарына канаттуулар фабрикасы, сүт фермаларын куруу, мөмө-жемиштер жана козу карындарды өндүрүү жана кайра иштетүү, тоо-кен металлургия, геологиялык чалгындоо жаатында кызматташуу, индустриалдык парк жана туристтик комплекстерди түзүү кирет.

Мындан тышкары, Казакстанда электромобилдер үчүн запастык тетиктерин өндүрүүчү ишканаларды ачуу дагы пландалууда.

Ал эми, агроөнөр жай тармагына тиешелүү долбоорлорду каржылоо үчүн Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда жалпы капиталы 100 миллион долларды түзгөн биргелешкен фонд түзүлмөкчү.

Эскерте кетсек, жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Казакстандын экономикасына салынган инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 2,2 миллиард долларды түзмөкчү.

https://vlast.kz/novosti/44175-kazahstan-i-oae-podpisali-investicionnye-soglasenia-na-22-mlrd.html