25.03.21

2020-жылы жарыяланган пандемиянын кесепеттеринен улам  Казакстандын өндүргөн  автоунааларын экспортко чыгаруусуна олуттуу терс таасирин тийгизди. Казакстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы бул көрсөткүч болжол менен 58 миллиард долларды түзсө, 2020-жылдын соңунда, 47 миллиард доллардан бир аз ашыгыраак болгон.

Бирок мындай кыйынчылыктарга карабастан автоунааларды өндүрүү тармагында, Казакстандык компаниялар экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жетише алышты. Мисалы, расмий статистикага ылайык, 2019-жылы ата мекендик автоунаа өндүрүүчүлөр 56,2 миллион долларга  2,85 миң даана жүргүнчү ташуучу унааларын чет өлкөгө сатышкан болсо, 2020-жылы 130,74 миллион долларга 7 миңден ашуун автоунааларын сатууга жетишкен.

“КазАвтоПром” ишканаларынын тармактык бирлигинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Артур Мискарян,  Казакстан өндүргөн автоунаалардын ички жана тышкы рыноктордо сатылышынын  санынын көбөйгөндүгүн белгилейт.

Артур Мискарян: “Акыркы жылдары Казакстанда жаңы автоунаалардын сатылышы өсүүдө жана бул көбүнчө жергиликтүү автоунааларга болгон суроо талапка байланыштуу. Өткөн жылы, пандемиянын бардык чыгымдарына карабастан, экспорт 25% пайызга өстү, дээрлик 90 миң даана жаңы унаалар сатылды”, - деп билдирди.

Ошол эле учурда, сатып алуучулардын 71,3% пайызы жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган автоунааларды сатып алышкан. Мындай көрүнүш Артур Мискаряндын айтымында, сатып алуучулардын Казакстандык автоунаалардын сапатына болгон ишениминин жогору экендигин билдирет.

Артур Мискарян: “2017-жылы Казакстандын автоунаа өндүрүүчүлөрү коңшу өлкөлөргө унааларды экспорттоо  боюнча тажрыйба топтошту. Бүгүнкү күндө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясы чет өлкөлөрдө дагы суроо-талапка ээ болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Албетте, өндүрүүчүлөрдүн негизги милдети, айрыкча унаалардын  сапаттык абалын  эске алуу менен ички рынокто өзүнүн позициясын бекемдөө болуп саналат. Бирок, экспорттун деңгээли дагы  жогоруласа анда, Казакстандык автоунааларды өндүрүүчүлөр үчүн таптакыр башка деңгээлдеги перспективаларды ачат”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Казакстанда автоунааларды экспорттоо иштерин “Hyundai Trans Kazakhstan” жана “СарыаркаАвтоПром” компаниялары ишке ашырышат.

https://forbes.kz/auto/kazahstan_naraschivaet_eksport_avtomobiley