26.03.21
Казакстандын Костанай шаарында жайгашкан  “Сарыарка Авто Пром” автоунаа  заводунда     “KIA” маркасындагы автомобилдер чыгарылып баштамакчы.

Аларга,  “KIA Rio”,  “KIA Picanto”, “KIA Cerato”, “KIA K5”, “KIA Seltos”, “KIA Sportage”, “KIA Sorento” жана “KIA Soul” маркаларынын түрлөрү кирет. Ал эми, 2022-жылдан тарта аларга “KIA Stinger”, “KIA Carnival” жана “KIA K900” маркасындагы унааларын дагы өндүрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу, “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.

Долбоор “Kia Motors Corporation” компаниясынын жардамы менен ийгиликтүү ишке ашырылды. “Киа Моторс Россия жана КМШ” компаниясынын президенти Джин Ха Ким мырза: “Биздин өнүгүшүбүзгө Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн рыногу чоң роль ойнойт жана Казакстан мындан ары өсүү үчүн приоритеттүү региондордун бири болуп саналат” - деп белгилеп өттү.  Казакстандын аймагында “KIA” маркасындагы автоунааларды  өндүрүү аны өлкөнүн базарындагы эң арзан автоунаалардын катарына кошот. Түштүк Кореяга таандык бул маркадагы автоунааларды Казакстанда өндүрүүгө, Евразия банкынын (ЕБ) атайын кредиттик программасынын жардамы аркасында мүмкүн болду.

Джин-Ха Ким мырзанын айтымында, “KIA” маркасындагы автоунаалардын Казакстандын аймагында чыгарылып башташы, керектөөчүлөр үчүн унааларды жеткиликтүү баада сатып алуу жана жогорку сапаттагы техникалык кызматтарды алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.  

 Жаңы автоунаа сатып алган кардарлар үчүн  5 жылга же 150 миң чакырым аралыкты жүргөнгө чейин завод анын сапатына кепилдик бермекчи. Костанай автомобиль заводу 2020-жылы өлкөдө чыгарылган автоунаалардын жарымынан көбүн түзөрүн белгилей кетүүгө болот. Завод мурда жылына 40,050 даана ар түрдүү үлгүдөгү автомобиль чыгарып  келсе, кийин ал көрсөткүчтөрүн 100 миң даанага чейин жеткирген.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын январь айында “Allur Motor Qazaqstan” компаниясы Казакстанда “Kia Motors” компаниясынын расмий дистрибьютор статусун алгандыгын жарыялаган болучу.

https://www.inform.kz/ru/proizvodstvo-avtomobiley-kia-startovalo-v-kostanae_a3768653