02.04.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов Өкмөттөр аралык кеңештин IX жыйынын 2-апрель күнү өткөрүшкөн. Андан соң, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы модернизацияланган “Кордай - Ак жол” өткөрүү пунктунун ачылыш аземине катышышты.

Бул тууралуу, Казакстандын өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда соода-экономикалык, инвестициялык, айыл-чарба, суу-энергетикалык, транзит жана транспорт, туризм, космос жана IT тармактарында, өнөр жай кызматташтыгы, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык коргоо жана эмгек миграциясы, айлана-чөйрөнү коргоо, региондор аралык жана чек ара кызматташтыгы, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана башка интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар “Каратуу - Ак Тилек” өткөрүү пунктунда “Алатау” чек аралык биргелешкен соода борборун түзүүнүн келечегин талкуулашты. Борбордун базасында мөмө-жемиш азыктары үчүн заманбап кампаларды, ошондой эле сертификат берүүчү органдарын, санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдү пунктарын жайгаштыруу пландаштырылды. Мындай кадамдар, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.

Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл облустарында товарларды дүң бөлүштүрүү борборлорун (оптово-распределительных центров)  куруу маселеси дагы каралды.  Аны курууга жумшала турган  инвестициянын көлөмү 25 миллион долларды түзмөкчү.
Казакстандын өкмөт башчысы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Казакстан Кыргызстанга 10 миң тонна буудай уну жана 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн гуманитардык жардам катарында жибере тургандыгы белгилүү болду.

Көрүшмөдөн соң, өкмөт башчылары модернизацияланган “Кордай  - Ак Жол” өткөрүү пунктунун ачылыш аземине катышышты.

2020-2021-жылдары жүргүзүлгөн реконструкциядан кийин өткөрүү пунктунун имаратынын аянты 3,5 эсеге чоңойтулуп жалпы 4,9 миң чарчы метрге чейин кеңейтилген. Паспорттук көзөмөлдөөчү пуктарынын саны 13 даана болсо  34 даанага чейин көбөйтүлгөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, өткөрүү пунктунун мүмкүнчүлүгү мурда күнүнө болгону 1000 даана автоунааларды өткөрө алса ал  2,500  чейин көбөйтүлгөн. Ал эми, мурда күнүнө 6 миң  адам өткөрүп турса ал көрсөткүч эми 25 миңге  адамга чейин жетмекчи.   Мындай чаралар Казакстан жана Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнө мультипликативдик таасирин тийгизмекчи.

https://www.kazpravda.kz/news/politika/premeri-kazahstana-i-kirgizstana-otkrili-modernizirovannii-punkt-propuska-kordai--ak-zhol