08.04.21

Өзбекстандын Тышкы соода министри Сардор Умурзаков   7-апрель күнү,  Казакстандын Соода министри Бахыт Султанов менен жолугушту.

Тараптар эки мамлекеттин чек ара аймактарында “Борбор Азия” эл аралык соода-экономикалык өнөктөштүк борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууну макулдашышты. Ошондой эле, инвестициялык, соода-экономикалык жана транспорт-логистикалык кызматташуу маселелери дагы талкууланды. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, эки тараптуу экономикалык өз ара кызматташуунун деңгээли динамикалык түрдө өсүп жаткандыгы белгиленди. Министрлер мамлекеттердин ортосундагы соода тармагында болгон тоскоолдуктарды жоюу жолу менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана пайдаланылбай жаткан маанилүү потенциалдары бар экендигин белгилешти.

Тараптар “Борбордук Азия” эл аралык соода-экономикалык өнөктөштүк борборун түзүүнү ишке ашыруу менен эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-логистикалык мамилелердин жемиштүү болушуна өбөлгө болоорун, ошондой эле эки мамлекеттин товарларын дүйнөлүк базарга жеткирүүдө убакытты жана каржылык чыгымдарды кыйла кыскартарын баса белгилешти.  Мындан тышкары, долбоор аймактар ​​аралык өнөр жай кызматташтыгын стимулдаштыруу жана жалпы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өз ара инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Жолугушуунун аягында  эки тараптуу инвестицияларды жана соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүнү тездетүүгө багытталган иш аракеттерди ишке ашырууну макулдашышты.

https://centralasia.news/9194-uzbekistan-i-kazahstan-dogovorilis-o-realizacii-mezhdunarodnogo-centra.html