20.04.21

Казакстанда эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн жасалган иш-чараларга кошумча 265 миллиард теңге (614,5 миллион доллардан ашык) акча каражаты бөлүнүп берилет. Бул тууралуу, өкмөттүн жыйынында Казакстандын Каржы министри Ерулан Жамаубаев билдирди.

Каржы министрлигинин башчысы 2021-жылга карата республикалык бюджетти тактоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Бул тууралуу, “kursiv.kz.” маалымат агенттиги билдирди.

Министрдин айтымында, 265 миллиард теңгенин 70 миллиард теңгеси (162 миллион доллар) карантиндик иш-чараларга катышкан медициналык кызматкерлерге кошумча акы төлөө үчүн каралган.

Ал эми 80 миллиард теңге (185 миллион доллар)  акысыз медициналык кызмат көрсөтүү  кызматы  үчүн каралган. Каржы минстринин айтымында, пандемияга каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында, медицина тармагына, бюджеттин чыгымдары 1,3 триллион теңгеге (3 миллиард доллар) көбөйтүлүп, жалпы 15,3 триллион теңгени (35,4 миллиард доллар) түзгөн. Ерулан Жамаубаев бюджеттин чыгымдары кошумча кирешелердин эсебинен көбөйгөндүгүн белгилеп өттү.

https://www.aa.com.tr/ru/2214334