20.04.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өкмөттүн жыйынын өткөрүп, буга чейин аткарылган иштеринин жыйынтыгы тууралуу  маалымат берди.

Бул тууралуу, “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди. Аскар Мамин: “Биздин алдыбызда айыл жериндеги жашоонун сапатын жакшыртуу милдети турат. Биринчи кезекте айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктурасын жаңылоо болуп эсептелет.  Ал үчүн 2025-жылга чейин, 27 миң чакырым жергиликтүү маанидеги авто жолдору курулат. Мындан тышкары, 24 миллион квадрат метр турак жайлары айыл жерлеринде курулат”, - деп билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагында 845 долбоор ишке ашырылып 500 миң жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Көрүлгөн мындай чаралар айыл тургундарынын кирешесин көбөйтмөкчү.

Өкмөт башчысы: “Айыл тургундарынын дээрлик бардыгы 100% пайыз таза суу менен камсыз болушат. Жаратылыш газы менен 60% пайызын камсыз болот. Саламаттыкты сактоо тармагында 5 жылдын ичинде жалпысынан 1,095 медициналык объектилер оңдолот жана жаңылары  курулат. Мындай иш чаралар калкты медициналык кызматтар менен камтууну эки эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берет”, - деп белгилеп өттү.

Өкмөт башчысынын айтымында айыл желериндеги билим берүү тармагына дагы көңүл бурулмакчы. 2025-жылга чейин, 5 миң орто мектептер модернизацияланат жана  315  жаңы мектептер курулат. Айылдык мектепте окуган окуучуларды кошумча билим менен максималдуу камтуу жана шаар менен айылдын ортосундагы билим сапатынын айырмачылыгын азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле 748 маданий жана 1,719 спорттук объектилер оңдолот жана  жаңылары курулмакчы.

https://www.inform.kz/ru/24-mln-kvadratnyh-metrov-zhil-ya-vvedut-v-selah-do-2025-goda_a3778488