01.05.21

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) берген маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы дүйнөдөгү түз инвестициянын көлөмү 42% пайызга төмөндөгөн. Мындай тенденцияга карабастан, 2020-жылдын аягында, Казакстанга Түркиядан келген инвестицияларынын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 1,3% пайызга көбөйүп, 362,4 миллион долларды түзгөн.

Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан даярдалган “Казакстан жана Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын жаңы тарыхый этабы” деп аталган докладда айтылат.

Документте белгиленгендей, Казакстан эгемендүүлүк алган жылдан бери, өзгөчө 2020-жылы Түркиядан келген инвестиция эң  көлөмдүү болуп саналат. Буга чейин, Түркиядан 2007-жылы  347,6 миллион доллар жана 2019-жылы 357,8 миллион доллар    инвестиция тартылган.

Казакстандын Түркиядагы элчиси Абзал Сапарбекулы: “Коронавирус пандемиясына карабастан, 2020-жылы биз Түркия компаниялары менен ар кандай форматта 400 ашуун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, отуздан ашуун потенциалдуу инвесторлордун Казакстанга иш сапарларын уюштурдук. 2020-жылдын аягында Түркстан, Түндүк Казакстан, Жамбыл, Павлодар, Костанай облустарында, Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында боордош Түрк компанияларынын инвестицияларынын катышуусунда болжол менен 190 миллион долларлык 8 долбоор ишке ашырылды”, - деп билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаровдун айтымында: “Бир тууган Түркия азыркы учурда, Казакстандагы эң активдүү чет элдик инвестор өлкөлөрдүн бири. Ушул жылдын аягына чейин Түркиялык инвесторлордун катышуусу менен газ-электр мештери, кондитердик азыктар, памперс, минералдык суу жана суусундуктар, медициналык респираторлор, жер семирткичтер жана төмөнкү чыңалуудагы кабелдерди өндүргөн ишканалар колдонууга берилмекчи”-деп билдирип өттү.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги жалпысынан 2023-жылга карата, 2016-жылга салыштырмалуу Түркиялык инвесторлорунун катышуусу менен Казакстандагы инвестициялык долбоорлордун санын эки эсе көбөйтүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, докладга ылайык, Түркиянын соода министрлигинин “Чет өлкөдөгү Түркиянын инвестициялары жөнүндө” отчетуна ылайык, акыркы төрт жылда Казакстан Түркиялык компаниялардын инвестициялары үчүн жагымдуу өлкөлөрдүн  ичинен 14 орунга  жогорулаган.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда, Түркиялык “Yildiz Holding”, “Yildirim Holding”, “YDA Holding”, “Abdi Ibrahim”, “Aselsan”,  “Anadolu Endustri Holding”, “Borusan Holding” “TAV Havalimanlari Holding”, “Ulkar Holding” жана башка бир нече  ири компаниялар иш алып барышууда.


https://www.aa.com.tr/ru/%