22.05.21

Түркиялык  “Turkish Airlines” (Түрк аба жолдору) авиакомпаниясы Казакстандын Түркстан шаарына  “Түркстан-Стамбул” каттамы боюнча жаңы эл аралык аба каттамын ачты. Бул тууралуу, Казакстандын Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Түркиялык “Turkish Airlines”  авиакомпаниясы  Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына карата, жогорудагы  аба каттамын ачып жаткандыгын билдирген.

Казакстандын Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Казакстандын Түркстан жана Түркиянын Стамбул шаарларынын ортосунда, үзгүлтүксүз аба каттамдары жумасына 1 рейстен (ишемби күндөрү) “Б-737” учагы менен жүргүзүлөт. Кийин акырындык менен эпидемиологиялык кырдаал жакшырган сайын учуулардын саны  көбөйтүлөт.  Учак билетинин  баасы 119 500 теңгеден башталат”-деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө, Түркстан аэропортунан Нур-Султан, Алматы, Атырау жана Стамбул шаарларына авиакаттамдар  жүргүзүлүүдө. Ал эми, ушул жылдын 2-жарымынан тарта, Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары саналган Түркстан шаарын Актау, Актөбө, Караганда, Кокшетау, Костанай, Павлодар, Петропавловск, Талдыкорган, Усть-Каменогорск сыяктуу облустун борбор шаарлары  менен аба каттамдары менен байланыштыруу пландаштырылууда.

Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары саналган Түркстан шаарын Актау, Актөбө, Караганда, Кокшетау, Костанай, Павлодар, Петропавловск, Талдыкорган, Усть-Каменогорск сыяктуу облустук борбор шаарлары менен байланыштыруу пландаштырылууда. Азыркы учурда, Түркстан шаарынын аэропорту чет элдик авиакомпаниялардын эркин учуулары үчүн “Ачык асман” режимине киргизилген. Мындай мүмкүнчүлүк Түркстан шаарынын аэропортуна чет элдик туристтердин агымын тартууга жардам берет.

Ошондой эле, ушул жылдын 31-майынан тартып “Fly Arystan” авиакомпаниясы, Түркстан шаарынан Кыргызстандын Бишкек шаарына жаңы аба каттамдарын ачууну пландаштырууда. Мындан тышкары, Ташкент шаарына жаңы аба  каттамын ачуу маселеси каралууда.

https://www.kazpravda.kz/news/mir/aviakompaniya-turkish-airlines-nachala-poleti-po-marshrutu-turkestan--stambul