18.05.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Кыргызстанга гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 4500 тоннага жакын буудай уну жеткирилди. Гуманитардык жүктү тапшыруу аземине Казакстандын Кыргызстандагы  элчиси Рапил Жошыбаев жана Кыргызстандын Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Азамат Мукашев катышты. Бул тууралуу, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

75 вагонго жүктөлгөн  гуманитардык жүк темир жол аркылуу, бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталуусу менен Кыргызстанга жеткирилген.

Кыргызстандын Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Азамат Мукашев  белгилегендей, Кыргызстан тарап Казакстандын өкмөтү  көргөзгөн гуманитардык жардамды жогору баалап, көрсөтүлгөн колдоо үчүн боордош казак элине терең ыраазычылыгын билдирди.

Белгилүү болгондой, Казакстандын мамлекет башчысы Кыргызстан менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, боордош кыргыз элине Казакстан элинин атынан гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкен болучу. Берилген гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 10 миң тонна унду түзөт.

Эскерте кетсек, коронавирус пандемиясы башталгандан бери, Казакстан Кыргызстан тараптын кайрылууларынын негизинде, буга чейин Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп келген. Тактап айтканда, 2020-жылдын май айында коңшу өлкөдөн 5 миң тонна  ун Кыргызстанга гуманитардык жардам катары берилген. Ал эми ошол эле жылдын ноябрь айында, Казакстан өкмөтү Кыргызстанга 400 даана атамекендик өндүрүшүндө чыгарылган өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппарат жана 2 миллион даана медициналык масканы жиберген.

https://www.kazpravda.kz/news/politika/gumanitarnaya-pomoshch-iz-kazahstana-pribila-v-kirgizstan