27.07.21

Кыргызстандын  Финансы министринин орун басары Мирланбек Байгончоковдун Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрабаев менен жолугушуусу болду.

Бишкек шаарында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн чек арасында пайдаланууга берилиши пландалган “Ала-Тоо” соода борборун түзүү процесси талкууланды. Тараптар процессти тездетүүнү макулдашты.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстан Кыргызстанга машина куруу, металлургия, тамак-аш, курулуш жана химия өнүмдөрүн экспорттоону көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылдын алгачкы 5 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,2 пайызга өсүп, 328,7 миллион долларды түзгөн.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/kir/avrasyadan/kazakstan-menen-kyrgyzstan-chek-arada-sooda-borborun-kurat/6100064d01a30a0c0c53e156