08.09.21

Казакстандын Соода жана интеграция министри  Бахыт  Султанов Түркия жана Казакстандын ортосундагы соода алакалары тууралуу  журналистерге маалымат берди.

Түркиянын Казакстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө болгонун эске салган Бахыт Султанов, эки өлкөнүн соода тармагындагы мамилеси чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Султанов келерки жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей турганын айтып келип: “Биздин өлкөлөрдүн соода тармагындагы мамилелери биз көз карандысыздык алган күндөн бери дайыма  өнүгүп өсүп келе жатат”- деп билдирди.

1990-жылдардын башында эки өлкөнүн соода жүргүртүүсүнүн көлөмү 200 миллион доллардын тегерегинде болгонуна көңүл бурган Султанов: “Эки өлкөнүн соода көлөмү 30 жылдын ичинде 15 эсеге өстү. Учурда Түркия биздин өлкөнүн эң алдыңкы 10 соода өнөктөшүнүн бири болуп саналат”-деп белгилеп өттү.

Бахыт Султанов 2021-жылдын январь-июнь айларында Казакстан жана Түркиянын ортосундагы сооданын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3 пайызга өсүп, 1 миллиард 788 миллион долларга жеткенин билдирди.

БИЗДИН МАКСАТ СООДА ЖҮГҮРТҮҮНҮН КӨЛӨМҮН 10 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА ЖЕТКИРҮҮ

Бахыт  Султанов Казакстандын Түркияга экспорттогон товарлары тууралуу маалымат берип келип: “Нефть продуктулары 50 пайыздык үлүшү менен биринчи орунда болсо, металл продуктыларынан өзгөчө жез,  алюминий жана цинк, ошондой эле  айыл чарба азыктарынан пахта буласы, буурчак, нокот жана зыгыр үрөндөрү кийинки орундарда турат”- деп билдирди.

Казакстандын Соода жана интеграция министринин айтымында,  Түркиядан эң көп импорттолгон товарлардын сап башында  кийим-кечек (өткөн жылы Түркиядан импорттолгон товарлардын 12,2% пайызын кийим-кечек  буюмдары түзгөн), экинчи орунда дары дармектер, үчүнчү орунда токулган килем, тиричилик техникалык буюмдары  ээлеген.

Сооданын көлөмүн кыска мөөнөттө 5 миллиард долларга жана узак мөөнөттө 10 миллиард долларга жеткирүү жалпы максат экенин баса белгилеген Султанов: “Учурда техникалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн, Казак-Түрк жумушчу тобу түзүлүп жатат. Бул жумушчу топтун биринчи жыйыны быйыл болот деп күтүп жатабыз” – деп белгилеп өттү.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/kazakistan-ticaret-bakani-sultanov-kazakistan-ile-turkiye-arasindaki-ticaret-h/6138701e01a30ab9a0b80d65