14.09.21

Түркиялык “Yıldırım”  компанияларынын тобу жана кытайлык  “Dalian Dehua”  консорциуму,  Казакстанда уникалдуу “Qazaq Soda” долбоорун ишке ашыруу үчүн Сода (металь, тоо-кен, текстиль өндүрүшүндө колдонулат) өндүрүүчү заводун куруу боюнча келишимге Стамбул шаарында кол коюшкан. Бул тууралуу “kapital.kz” маалымат агенттиги билдирди.

Ал эми 2021-жылдын  сентябрь айынын аягында, Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Сарысу районунда тургузула турган стратегиялык маанилүү заводдун биринчи жер пайына капсула салуу аземи болуусу күтүлүүдө.

Жаңы завод өлкөдөгү айнек, химия, металлургия, тоо-кен, текстиль өнөр жайында колдонулуучу сода өндүрүү менен алектенген биринчи ишкана болуп каламакчы. Долбоор 400 миллион долларга бааланууда. Заводдун курулушун 2024-жылы бүтүрүү пландалууда.

Баштапкы этапта ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 миң тоннаны түзүп, келечекте 1 миллион тонна продукцияга чейин жеткирилет. Завод продукция өндүрүп баштаган соң, Казакстан соданы башка өлкөлөрдөн импорттоп алуудан баш тартууга Кытай, Түркия, АКШ жана Россия сыяктуу дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөр менен бир катарда турууга мүмкүндүк берет. Ички керектөөдөн тышкары келечекте, Кытайдын батыш облустарына жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоого мүмкүндүк болмокчу.

Заводдун курулуш иштерине негизинен жергиликтүү калктан 1000 адис тартылат, ал эми ишке киргенден кийин 1,300 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.

Заводдун өзгөчөлүгү экологиялык жактан таза, калдыксыз технологиялар колдонулат.

Эскерте кетсек, Түркиялык “Yildirim Holding”  компаниялардын тобу 2013-жылдан бери, Казакстанга 500 миллион доллардан ашуун инвестиция салган.

https://kapital.kz/economic/98699/yildirim-holding-podpisal-kontrakt-na-stroitel-stvo-zavoda-qazaq-soda.html