21.09.21
Казакстанда быйыл 2021-жылы дандын жана май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымынын көлөмү 18 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө.  Анын ичинде 16 миллион тоннасын дан жана буурчак өсүмдүктөрү түзөт.

Азыркы учурда, 14,3 миллион тонна дан жана 200 миң тонна май өсүмдүктөрү орулуп жыйналып алынды. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, өкмөттүн жыйыны учурунда билдирди деп кабарлайт “Kapital.kz” бизнес маалымат борборунун кабарчысы.

Аскар Мамин: “Бул жылы кургакчылыктан улам дан эгиндеринин көлөмү азайганына карабастан, өлкөнүн данга болгон ички муктаждыгы толук камсыздалат. Муну менен катар дан экспорттоо потенциалы болжол менен 6,5 миллион тонна өлчөмүндө калат”, - деп билдирди.

Ошондой эле Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев 2021-жылы дан жана май өсүмдүктөрү  18,9 миллион гектар аянтка эгилгендигин  кошумчалап өттү.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 15,1 миллион гектар жер аянтынан дан жана буурчак өсүмдүктөрү жыйналып алынган. Бул көрсөткүч жалпы аянттын 95% пайызын түзөт.

Айыл чарба министри Ербол Карашукеев: “Кийинки кадам ​​түшүмдүн сандык жана сапаттык мүмкүнчүлүктөрүн сакталышын камсыз кылуу болуп саналат. Жалпысынан өлкөдө 29,3 миллион тонна дан эгиндери бар. Анын 12,4 миллион тоннасы, дан кабыл алуучу ишканаларда жана 16,9 миллион тоннасы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн колунда” – деп билдирип өттү.

Жалпысынан лицензияланган дан кабыл алуучу ишканаларына жаңы түшүмдөн 1,9 миллион тонна эгин алынды, анын 1,67 миллион тоннасы буудай, 163,9 миң тонна арпа жана 56,4 миң тоннасын башка өсүмдүктөр (сулу, таруу, гречка, күрүч) түзөт.

https://kapital.kz/economic/98873/kazakhstan-nameren-eksportirovat-do-6-5-mln-tonn-zerna.html