23.09.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Мангистау облусунун борбору Актау шаарына болгон иш сапарынын алкагында, облусттун адмнистрациясынын жетекчилери  менен жолугушту.

Жыйында, мунай жана газдын бай булактарына ээ болгон облусттун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө  байланыштуу маселелер талкууланды.

Касым-Жомарт Токаев  көрүшмө учурунда,   2030-жылга чейин региондогу мунай өндүрүүнүн бара-бара азайышын күтүлүп жатканын белгиледи. Ошол себептен, жаңы мунайдын кендерине болгон геологиялык чалгындоолорго багытталган инвестициялардын көбөйө тургандыгына токтолду.

Президент чалгындоо иштерин тездетүүнү белгилөө менен жыл аягында курула турган “Улуттук  геологиялык кызматы” бул жааттагы жоопкечиликти өзүнө ала тургандыгын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев аймакта “Каламкас Теңиз” жана “Каспий” сыяктуу ири кендерде 5 миллиард долларга бааланган чалгындоо иштерин баштай турганын кошумчалады.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/kazakistan-hazar-denizi-bolgesinde-yeni-petrol-kuyulari-arayacak/614c21ec01a30a22d844086d