23.09.21

Президент Касым-Жомарт Токаев Актау шаарынын түштүк бөлүгүндө, Каспий деңизинин жээгинде  курулуп жаткан  “Rixos Water World Aktau” мейманкана комплексинин курулуш иштери менен таанышып чыкты.

 Мындан тышкары, президент ошол эле аймакта  2021-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилиши пландалган гольф клубу, соода борборлору, виллалар жана батирлери бар эл аралык деңгээлдеги мейманканалардын курулушу менен таанышты.

Жакынкы төрт жыл аралыгында, Мангыстау облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө салына турган инвестициялардын суммасы, дээрлик жарым триллион теңгени түзмөкчү.Ошондой эле Мангыстау жарым аралында 130 гектар  жерге Түркиянын “SML Construction” компаниясы жана  Казакстандын алдыңкы “BI Group” жана “Bazis–A” компаниялары менен биргеликте туристик объектилерди курушууда.

Жогорудагы компаниялар куруп жатышкан туристик объектилер кезеги менен 2026-жылга чейин пайдаланууга берилет. Компаниялар бул долбоорго өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен 64,5 миллиард теңге инвестициялоону пландоодо.

Эскерте кетсек, Мангистау облусу өлкөдөгү эң алдынкы туристик аймак болуп эсептелет. Мында көптөгөн белгилүү табигый кооз жерлер жана Казакстандын бирден бир уникалдуу сулуулугу болгон Каспий деңизи орун алган.

Мангыстау облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү менен туристердин агымдын олуттуу өсүшүн камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Келечекте жыл сайын келе турган туристердин саны 750 миңге жетүүсү күтүлүүдө.

https://kursiv.kz/news/otraslevye-temy/2021-09/prezidentu-pokazali-kak-proiskhodit-zastroyka-kaspiyskogo-poberezhya