02.10.21

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов эл менен болгон отчеттук жолугушуусунда, Казакстан жайкы сезонго карата Түркияга аба каттамдарынын саны көбөйө тургандыгын билдирди. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору жазып чыкты.

Бейбут Атамкулов: “Бүгүн биз Түркия тарап менен аба каттамдарын талкууладык. Азыр бул өлкө менен 12 салттуу маршрут бар аларга: Нур-Султан - Стамбул, Алматы - Стамбул, Түркстан - Стамбул, Шымкент - Стамбул жана Алматы - Анталия”, - деп билдирди.

Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин башчысынын айтымында, авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси бир жуманын ичинде толугу менен  чечилет.

Бейбут Атамкулов: “Жай мезгили келе жатат, салт боюнча көптөгөн казакстандыктар Түркияга эс алууга кетишет. Муну эске  алып, биз Казакстандын аймагында коронавирус инфекциясынын  жайылышын алдын алуу үчүн ведомстволор аралык комиссия менен иштеп жатабыз. Мен ойлойм, жакын арада биз авиакаттамдардын санын көбөйтөбүз. Биринчи кезекте  биздин жарандарыбыз жай айларында барып эс алуучу Анталия шаары болот”, - деп белгилеп өттү.

https://kapital.kz/economic/96121/kolichestvo-reysov-iz-kazakhstana-v-turtsiyu-obeshchayut-uvelichit.html