01.10.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  Казакстан жана Орусиянын аймактар ​​аралык кызматташтыгынын XVII форумуна катышты.

Биргелешкен иш-чаранын жүрүшүндө, чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү жана Каспий деңизиндеги жаңы мунай кендерин иштетүү боюнча орчундуу маселелер каралды. Бул тууралуу, Казакстандын президентинин маалымат кызматы билдирди.

Касым-Жомарт  Токаев   өз сөзүндө мунай өндүрүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө айтып жатып, мунайды ташуу боюнча эң ири эл аралык долбоор Каспий мунай кууру консорциуму (КПК) 25 жылдан бери иштеп келе жатканын эске салды. Каспий мунай кууру консорциуму ишке киргенден бери, жалпысынан дүйнө керектөөчүлөрүнө 745 миллион тоннадан ашык мунай жеткирилген.

Өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, чийки затты казып алууну көбөйтүү менен байланышкан милдеттерди коюп жатып жаңы кендерди иштетүүнүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана мунай куурунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле президент, Казакстан жана Орусия биргелешип  “Тенгиз” жана “Карачаганак” сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги мунай кендерин иштетүүгө белсенип жаткадыгын белгилөө менен  Казакстан  баасы 6,5 миллиард долларды түзгөн “Женис” жана “Аль-Фараби” мунай кендерин иштетүү долбоорлору боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Өлкө башчысы мунай  багытында, дагы бир эң ири “Каламакс-море-Хазар” кенин биргелешип иштетүү иштери жакын арада башталарын билдирди. Аны иштетүүгө “Лукойл” компаниясы стратегиялык өнөктөш болот. Ал эми, долбоорго салына турган инвестициянын суммасы 5 миллиард долларга жакын болот. Ошондой эле президент, инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн кошучалады.

https://centralasia.news/11557-kazahstan-i-lukojl-rf-nachinajut-osvoenie-novogo-gigantskogo-mestorozhdenija.html