05.10.21

2021-жылдын биринчи жарым жылынын жыйынтыгында, Казакстандын экономикасына келген чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 30,4% пайызга жогорулап, жалпысынан 11,1 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министринин расмий сайты маалымдады.

Тармактар ​​боюнча салынган чет өлкөлүк инвестициялардын  көрсөткүчү: Кайра иштетүү өнөр жайы тармагына 57,2% пайыз, соода тармагына 45,8% пайыз, тоо-кен өндүрүшүнө 27,1% пайыз, транспорт тармагына 20,4% пайызга өскөндүгү байкалган.

 Казакстандын экономикасына инвестиция салган өлкөлөргө: Нидерландия 3,3 миллиард доллар (24,5% пайызга өскөн), Америка  2,1 миллиард доллар (87,7% пайызга өскөн), Швейцария  1,3 миллиард доллар (86,7% пайызга өскөн), Россия 704,9 миллион доллар (17,0% пайызга өскөн), Кытай 508,7 миллион доллар (63,7% пайызга өскөн), Бельгия 459,5 миллион доллар (4,3% пайызга өскөн) Түркия 388,7 миллион доллар (79,9% пайызга өскөн), Түштүк Корея 233,0 миллион долларды (33,1% пайызга өскөн) түзгөн.

Региондор боюнча караганда, эң жогорку инвестициялык активдүүлүктү Атырау облусуна таандык 3,6 миллиард доллар (15,4% пайызга өскөн), ал эми Алматы шаарына  3,0 миллиард доллар (26,3% пайызга өскөн), ошондой эле Чыгыш Казакстан облусуна  1,3 миллиард долларды (72,8 % пайызга өскөн) түзгөн.

Ошондой эле оң динамикалуу көрсөткүч Павлодар облусуна 514 миллион доллар (21,7% пайызга өскөн), Костанай облусунда 496,4 миллион доллар (2,2 пайызга өскөн), Актөбө облусунда  410,1 миллион доллар (53,2% пайызга өскөн), Нур-Султан шаарында  308,6 миллион доллар (10,2% пайызга өскөн), Мангистау облусунда 302,9 миллион доллар (98,8% пайызга өскөн), Түркстан  облусунда 137,8 миллион доллар (85,1% пайызга өскөн), Шымкент шаарына 64,1 миллион доллар (22,4% пайызга өскөн) инвестиция салынган.

Өз кезегинде, улуттук экономиканы андан ары диверсификациялоо жана анын өсүшүнүн туруктуулугун жогорулатуу максатында, өкмөт чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын жылына 30 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо.

https://kursiv.kz/news/finansy/2021-10/obem-pryamykh-inostrannykh-investiciy-v-ekonomiku-rk-uvelichilsya-na-304