12.10.21

Казакстан Түркмөнстандын темир жолу аркылуу Иранга  товарларынын экспортун көбөйтүүнү көздөп жатат. Экспорттолуучу товарлардын жалпы суммасы 162 миллион 300 миң долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев билдирди.

Кайрат Төрөбаевдин айтымында, иликтөөлөр көргөзгөндөй  Казакстандын металлургиялык өнөр жай, тамак-аш, машина куруу, химия жана фармацевтика тармактарында өндүрүлгөн товарларын Иранга экспорттоо мүмкүнчүлүгү ачылды.

Анын негизги себеби “Казакстан-Түркмөнстан-Иран” (KTI) темир жолунун иштеп башташы болуп саналат. Бул темир жолу маршруту эки өлкөнүн өз ара товар жүгүртүүсүнүн өсүшүнө өбөлгө түзмөкчү. Жылына “Казакстан-Түркмөнстан-Иран” (KTI) темир жолу аркылуу 10 миллион тонна жүктү ташып өтүүгө мүмкүн болот.

Кайрат Төрөбаев: “Бул жол аркылуу, Иран өлкөсүнүн Россия жана Кытайдын рыногуна чыгуусуна жол ачылат. Ал эми биздин өлкө болсо, Перс булуңундагы бардык мамлекеттердин базарына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. “Казакстан-Түркмөнстан-Иран” (KTI) темир жолу эки тараптуу жана аймактык соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө оң таасирин тийгизди”, - деп белгилеп өттү.

https://business.com.tm/ru/post/7703/kazakistan-turkmenistan-uzerinden-%C4%B0rana-yapt%C4%B1%C4%9F%C4%B1-ihracat-hacmini-artt%C4%B1racak