CA-NEWS (KZ) - Казакстан Айыл чарба министрлиги 2018-жылы 15 тонна эт экспорттоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу  өкмөттүн кеңейтилген жыйынында бөлүм башчы Умирзак Шукеев айтты.

Анын айтымында учурда асыл тукумдуу малдын саны 300 миң башты түзөт.

Министри белгилегендей, өлкөдө малды электрондук каттоону ишке ашырыла тургандыгын, жана асыл тукум малдын электрондук тег менен камсыздала турганын билдирди.

Өз кезегинде, президент Нурсултан Назарбаев беш жыл ичинде 1.2 триллион тенге агро-өнөр-жай комплексин өнүктүрүүгө жумшалгандыгын эскертти. "Баарынан маанилүүсү, биз сатып алган малды бир гана сактоо жана өнүктүрүү эмес, ошондой эле санын көбөйтүү ", - деп айтты ал.