2017-жылы Казахстандын нефть кайра иштетүү көлөмү 14,9 млн тоннаны түздү. Бул жөнүндө 23-февралда өткөрүлгөн  коллегиялык жыйында Казахстан Республикасынын энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди.

Анын айтымында 2016-жылга салыштырмалуу өсүүнүн көрсөткүчтөрү 2,9% жогорулаган. “2018-жылы Шымкент нефть кайра иштеп чыгаруучу заводун жаңыртуу иштерин аяктоо пландалып жатат. Бул  завод 2018-жылы нефть өндүрүүнүн көлөмүн 1,1 млн тоннага өстүүрүгө мүмкүнчүлүк берет жана жалпысынан бул көрсөткүч 16 млн тоннаны түзөт”,- деп кошумчалады энергетика министри.

Ал ошондой эле жаңыланган нефть кайра иштеп чыгаруучу заводду ишке киргизгенден кийин кандай натыйжа күтүлүп жаткандыгын айта кетти. “2018-жылдын экинчи жарым жылында өлкөнүн ички рыногу жергиликтүү мунай заттары менен камсыздандырылаары күтүлүп жатат, ал эми бензин, дизелдик күйүүчү май жана авиакеросин менен тастыктоодон өткөрүлгөндөн кийин камсыздандырылаары күтүлүүдө”,- деди К.Бозумбаев.

Мындан сырткары Энергетика министри төмөндөгүлөрдү күтүүдө: Кайра иштеп чыгаруунун тереңдигинин орточо 63% дан 83%  өсүшүн; К4 жана К5 экологиялык класстагы продукцияларын өндүүрү; майлоочу майларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү “ички рынокту жергиликтүү майлоочу майлар менен камсыздоо бир жылда бензин боюнча 90%, дизелдик күйүүчү майы боюнча 90%, авиакеросин  боюнча 70% жана мазут 100% түзөт”,- деп билдирди бөлүм башчысы.