CA-NEWS (KZ)- Алматы акими Бауыржан Кадырбек Индиянын Казакстандагы элчиси Прабхат Кумар менен жолугушту.

Акимиаттын басма сөз кызматы маалымдагандай, алар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Б.Байбектин айтуусунда кызматташуу жылдар аралыгында, Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Индиянын ири соода өнөктөшү болуп калды. Индия IT-кызматынын ири экспорттоочуларынын бири болгондуктан, Алмата, новатордук хабдарды өнүктүрүү тажрыйбасын үйрөнүүгө жана Индия технологиялык парктар менен кызматташууга кызыкдар.

өз кезегинде элчи  туризм, билим берүү жана маданият тармактарында, кызматташууну мындан ары бекемдөө үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи. "Алматы - индиялык ишкерлер жана маданий ишмерлердин катышуусу менен, анын ичинде дайыма ар түрдүү көп сандагы  иш-чаралар өткөн- аймактык магнит болуп саналат. Сиздин шаар Делиден 3,5 саат убакыт ичинде эле жетип келүүгө мүмкүн болгон жакын шаар болгондуктан, биздин жарандар үчүн популярдуу туристтик жайы болуп келе жатат. Биз мындан ары майрамдар, концерттер, көргөзмөлөрдү уюштурууну өнүктүрүүнү каалайбыз. Ошондой эле мегаполисте Индиядан 600дөн ашуун студент окуйт. Мен эки тараптуу билим берүү программаларынын спектри өсө берет деп ишенем ", - деди П.Кумар.

Акимиаттын кабарлоосунда шаарда Индиянын колдоосунда  152 дары-дармек, курулуш, каржы, жана башка компаниялары бар. 2017 жылында Алматы менен Индия оросунда товар алмашуу 186,6 млн долларды түздү.