Актау.Казинформ- Казакстан элинин биримдигин күнүндө Мангистауда жаңы ГЭСтин жана тазалоочу заводдун тургузулган пайдубалынын ачылышы болду бул тууралуу "Казинформ" Мангистау облусунун акиминин басма сөз кызматы билдирди.

Аким Ералы Тугжанов Казакстанда аналогу жок күн энергиясы менен иштеген электростанциянын ачылышына катышты. 36.05 гектар аянты бар күн энергиясы электростанциясы Батыр Мунайлы районунун айылында курулган. Долбоордун баасы - 1,2 млрд тенге. Долбоор бир бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасынын алкагында "Бизнес жол картасы 2020" тарабынан каржыланган. Кубаттуулугу- 2 MW, жылына 3500 KW саат. ГЭСте 39 катар 8000 күн панелдери орнотулган. Панелдер Казакстандын ички кремнийинден өндүрүлгөн. Бул ата-мекендик өндүрүштөгү күн панелдер менен иштеп жаткан алгачкы долбоор болуп саналат. Жаңы объект 300 үйдү толук электр энергиясы менен камсыз кылат.