Казакстан Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаевти кабыл алды.

Жогорку палатанын басма сөз кызматы маалымдагандай, Төрага элчинин кызматка жаңы киришүүсү менен куттуктап, казак-өзбек мамилелеринин андан ары парламенттер аралык деңгээлде да бекемделишине ишенимин билдирди. Н.Нигматулин эки өлкө лидерлеринин өз ара түшүнүшүүгө негизделген аракеттери, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган тынымсыз саясий диалог түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, президент Нурсултан Назарбаев жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин өткөн жылкы сапары жакшы кошуналык жана мындан ары стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө пайдубал болду. Натыйжада эки тарап Биргелешкен Билдирүүгө кол коюшту.

    Өз кезегинде дипломат С.Ниязхожаев акыркы жылдары казак-өзбек мамилелеринин жаңы баскычка жеткендигин жана стратегиялык өнөктөштүктүн динамикасын баса белгиледи. Өз кезегинде бул эки мамлекеттин башчыларынын карым-катышы Казакстан жана Өзбекстан элинин жакындашышына өбөлгө түзөт деп белгиледи элчи.

    Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактар аралык жана чек аралык, маданий-гуманитардык кызматташуунун маселелери талкууланды. Тараптар Борбордук Азияда экономикалык дараметти күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.