4-январдан баштап Алматы шаарынын аэропортунан Красноярск жана Иркутск шаарларына учуштар башталат.

Казахстандын жана Россиянын элчиликтеринин басма сөз кызматтары билдиргендей Сибирдин шаарларына учуштарды “Ангара” авиакомпаниясы ачып жатат. Бул учуштарды 75 пассажирдик Ан-148-100Е учагы жасайт. Бул маршрут менен учуштар жумасына эки жолу- дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Алматы жана Красноярск ортосундагы аба катнашы 20 жылдан ашуун болгон эмес. Алматылыктар жана облуста жашагандар Красноярскка Новосибирск аркылуу барышчу. Түз учуулардын жаңылануусу менен Красноярскка 2 саат 40 мүнөттө жетүүгө мүмкүн болду.

Алматы-Иркутск рейси Красноярскиде которуу жасайт. Жол 6 саат 40 мүнөт болот (Красноярскиде которуу 1 саат 50 мүнөт).