Кытай жакын аралыкта Казахстан жана  Россиядан жаратылыш газын сатып алууну көбөйтөт, бул тууралуу РИА Новости агенитиги China News Service маалымат булагына таянуу менен жазып чыкты.

“2017- жылы Кытай 94,6 миллиард кубометр газ импортогон, ошондой эле Борбордук Азиядан газ түтүктөрү аркылуу Түркмөнистандан жана Өзбекстандан алган. Жаыкнкы убакытта Казахстан жана  Россиядан газ алуу көбөйтүлөт” – деп билдирет Кытайдын мамлекеттик энергетиканы башкарууга жоопкерчиликтүү өкүлү. Ошондой эле ал Кытайдын  (СПГ) кошумча коюлтулган газды сатып алган өлкөлөрдүн саны 22 жеткенин айтып өттү.