2018-жылы Анталия шаарында, Стамбулда жайгашкан Кыргызстандын консулдугунун бөлүмү ачылды.

Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти билдирди. Маалымат башкармалыгынын билдирүүсү боюнча майдан октябрга чейин туристтик сезондун учурунда иштешет. Жайкы мезгилде Кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны көп болгондугун эске алуу менен бөлүмдү ачуу муктаждыгы келип чыккан.