Түркия Республикасы кыргыз мигранттарынын пенсиялык төлөмдөрүн Кыргызстанга которуп турат. Бул жөнүндө Эл аралык Мамилелер, Коргоо жана Коопсуздук боюнча парламенттик комитетинин отурумунда социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын билдирүүлөрүнө караганда Түркияда расмий түрдө 14 миң Кыргызстандын жараны иштейт. Ал эми Кыргызстанда 5,4 миң Түркиянын жараны иштейт.

Эки өлкө арасында 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында социалдык камсыздоо боюнча келишимге кол коюлган.

Келишимге ылайык өлкөлөр расмий түрдө иштеген мигранттардын иш тажрыйбасын таанышат жана пенсиялык төлөмдөрүн беришет.

“Кыргызстандын жараны Түркия мамлекетинде 15 жылга чейин  иштеген болсо ал пенсиялык куракка келгенде пенсия ала алат. Түркия анын пенсиясын бизге которот. Ошондой эле ал өзүнүн иш тажрыйбасына ылайык Кыргызстанда да пенсия алууга талапкер боло алат”,- деп билдирди Медер Ирсалиев.

Анын айтымында Түркиядагы орточо пенсия 350 АКШ долларын түзөт. Пенсиялык фондго айлык акынын 23 пайызы которулат. Эркектер 60, ал эми аялдар 58 жашында пенсияга чыгышат.

“Биздин өлкөдө иштеген түрк жарандары да пенсияга чыга алышат. Алдын-ала эсептөөлөргө караганда Кыргызстан Түркияга жыл сайын 10 миллион сом акча каражатын которууга милдеттүү”,- деди Медер Ирсалиев.

Түркиянын Кыргызстанга болжолдуу канча көлөмдө акча котороору социалдык фондко белгисиз.

“Түркия азырынча пенсияны эсептөө боюнча маалымат бере элек. Ошондуктан биздин мигранттар үчүн пенсиялык төлөм катары канча каражат аларыбыз белгисиз. Кандай болгон учурда да биздин артыкчылыгыбыз бар, себеби биздин мигранттардын саны алардыкынан көп”,- деп белгилеп кетти Медер Ирсаилов.

Кыргызстан буга чейин кыргыз жарандарын социалдык камсыздоо боюнча Түштүк Корея менен гана келишим түзгөн эле. Социалдык фонддун билдирүүлөрүнө караганда азыркы учурда Бажы Биримдигиндеги өлкөлөр, Италия жана Грузия менен сүйлөшүүлөр болуп жатат.

https://24.kg/vlast/97645_turtsiya_budet_perevodit_pensionnyie_otchisleniya_migrantov_vkyirgyizstan_/